Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:41

Милиция кызматкерлерин атып кеткендерге издөө салынды


Ички иштер министрлиги жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кечээ Бишкек шаарынын 8-кичи районунда үч милиция кызматкерин өлтүрүү фактысы боюнча шектүү адамдарга издөө жарыялады. Маалыматка ылайык, чукул иликтөө иштеринин натыйжасында милиция кызматкерлерине кол салгандар мурда жасаган кылмыштары үчүн издөөдө жүргөн төмөнкү жарандар экени болжонууда:

1. Данияр Кадыралиев (жашыруун аты Абдувахаб). 1976-жылы 9-ноябрда Нарын облусунда төрөлгөн. Бишкек шаарынын Арча-Бешик жаңы конушунда жашайт. 2. Советбек Исламов (жашыруун аттары Баро, Шура). 1972-жылы 25-майда төрөлгөн. Чүй облусунун Токмок шаарынан. 3. Эдил Абдрахманов. 1986-жылы туулган. Аламүдүн районунун Көк-Жар айылынан. 4. Кайрат Салиев (жашыруун аты Абусалман). 1981-жылы 11-июнда туулган. Бишкек шаарынын тургуну. 5. Руслан Дооткулов. 1982-жылы туулган. Бишкектин Арча-Бешик жаңы конушунда жашайт. 6. Азим Султанкулов (1985-жылкы). Бишкектин Арча-Бешик жаңы конушунда жашайт.

УКМК тараткан маалыматка караганда, кечээ сегиз жарымдар чамасында Бишкектин 8-кичи районундагы 8/1 үйдүн үчүнчү батиринде Бишкек шаардык Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн үч кызматкери иликтөө иштери менен барган маалда, аларга кол салуу болгон. Натыйжада автоматтык куралдардын огунан милициянын капитаны Самат Жээнбеков (1980-жылы төрөлгөн), милициянын ага лейтенанты Алмазбек Сулайманов (1973-жылы төрөлгөн), милициянын лейтенанты Пиридинбай Исманов (1965-жылкы) каза болушту.

УКМКнын маалыматы боюнча издөөдө жүргөн бул адамдардын бардыгы диний-экстремисттик топтордун лидерлери жана активдүү мүчөлөрү делет. Аты аталган адамдар 2010-жылдын 24-декабрында Сокулук районунда АКШ жаранына куралдуу кол салуу уюштурушкан, ал күндүн эртеси уурдалган унааны Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын алдында жардырууга аракеттенишкен, 2010-жылдын 30-ноябрында Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунун жанында жардыруу уюштурушкан делип айыпталып, издөөдө жүрүшкөн. Ушул тапта издөөдөгү бул адамдарды Ички иштер министрлиги, УКМК жана прокуратура органдары кармоо аракеттерин көрүшүүдө. УКМК эскерткендей бул адамдар өтө кооптуу жана жандарында курал-жарактары болушу ыктымал. Андыктан тартип коргоо органдары бул адамдарды көргөн-билгендер болсо тез милицияга же коопсуздук кызматына билдирүүлөрү керектигин суранышат. Маалымат үчүн купуялык сакталмакчы. (IJz)

XS
SM
MD
LG