Премьер-министр Алмазбек Атамбаев бүгүн күч структураларынын жетекчилери менен чукул кеңешме өткөрдү. Ага Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев, Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев баштаган адамдар катышты. Жыйында өлкөдөгү коопсуздук, диний-экстремисттик топтордун аракеттери жана кечээки милиция кызматкерлерин өлтүрүү фактылары сөз болду. Бул тууралуу премьер-министрдин маалымат кызматы билдирет. (IJz)