Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:17

Урмат Барктабасовдун соту эртең уланмай болду


4-августта “бийликти күч менен басып алууга аракеттенген” делип айыпталып, ошондон бери Улуттук коопсуздук комитетинин абагында жаткан Урмат Барктабасовдун соту эртеңкиге жылдырылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” айыпталуучунун адвокаты Жаманкул Жунусов билдирет. Анын айтымында, Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунун судьясы Абдуразак Боромбаев жабыр тарткан делген ИИМ кызматкерлери жана айыпталуучулардын биринин адвокаты сотко келбей калганы үчүн ишти кароону эртеңкиге жылдырды.

У.Барктабасов 2005-жылы президенттикке талапкер болгон. Казакстандын жараны экени айтылып, талапкерлиги алынып салынган соң анын тарапкерлери өкмөт үйүнүн алдында митинг өткөрүп, өкмөт үйүнө чейин кирип барышкан. Ошондон бери ал “бийликти күч менен басып алууга аракеттенген” делип айыпталып, издөөдө жүргөн. 2010-жылы бийлик алмашкан соң ал Кыргызстанга келип, мурда козголгон кылмыш иштери боюнча сотко келбей, Балыкчы шаарында жүргөн. 4-августта анын тарапкерлери Бишкекте чоң митинг өткөрүп, өзү жүздөгөн тарапкерлерин ээрчитип Балыкчыдан авто кербен менен келаткан жолдо, Бишкектин кире беришинде кармалган. Бишкекке келаткан жолдо ал бийлик адамдары менен жолугушуп, премьер-министрлик кызматты талап кылган. Бул жолу да ага мурдагыдай эле айыптар коюлууда. (IJz)

XS
SM
MD
LG