Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:09

Террорчу деп кармалгандар кыйноолорго туш болушууда


Бишкек милициясынын имаратынын алдында террордук акт уюштурууга даярданган деп күнөөлөнүп жаткан 9 адамдын ал кылмышка тиешеси жок.

Бул тууралуу бүгүн кармалгандардын жакын туугандары жана укук коргоочулар билдиришти.

Алардын айтымында, улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети бейкүнөө адамдарды “террорчу” деп атап, күнөөнү алардын моюнуна күчтөп, кыйноо жолу аркылуу илип жатат. Адвокаттар менен жолугууга мүмкүнчүлүк берилбей келет.

25-декабрда Бишкек шаардык милициясынын имаратынын алдында ичи арматуранын кесиндилери менен толтурулган, газ баллон түрүндөгү колго жасалган жардыруу заты табылган. Бул кылмышка байланыштуу шектүү деп 9 адам кармалып, алардын үчөө кийин эч кимге маалымат бербейбиз деген тил кат менен коё берилген. Калган алтоо учурда улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагында камакта жатышат.

Укук коргоочу Азиза Абдурасулованын “Азаттыкка” маалымдашынча, терроризмге тиешеси бар деп камакка алынгандардын көпчүлүгү карапайым, өз укугун коргой албаган адамдар. “Ошондой бейкүнөө адамдарды кармоо аркылуу мамлекет террорчулукка каршы күрөшүп жатабыз деп эл аралык коомчулук алдында көз боемочулук кылып, каражат алуу аракетин жасап келет. Тилекке каршы, мурунку бийликтегилердин тушунда болгон мындай амалдар дагы эле уланып келатат”, -дейт укук коргоочу.

2010-жылы тергөө учурунда кыйноолорго кабылгандар боюнча 300дөн ашуун факт катталган.

XS
SM
MD
LG