Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:02

М.Иманкулов: Милицияны аткандар өздөрүн “жихадчылар” аташкан


Кечээ Бишкекте үч милиция кызматкерин атып өлтүргөндөр өздөрүн “жихадчылар” аташкан. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Марат Иманкулов билдирди.

Анын айтымында, милиция кызматкерлерин аткандар эки жыл мурда түзүлгөн жашыруун уюмдун мүчөлөрү болушкан. Ал уюм жыйырма адамдан турган. Ушул тапта алардын жетөө кармалып, дагы бешөөнө издөө салынды. М.Иманкулов билдиргендей, бул жашыруун уюмдун мүчөлөрү телефон аркылуу Бириккен Араб Эмирлиги, Катар, Орусия, АКШ менен байланышып турушкан. Ошондой эле анын ырасташынча, Бишкектеги Спорт ордосунун жанындагы жардыруу, Бишкек милициясынын алдындагы террордук аракет жана АКШ жаранына кол салуу фактылары боюнча кылмыштырдын бети ачылды. (IJz)

XS
SM
MD
LG