Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:28

Эртең Ташкенде газ боюнча сүйлөшүүлөр уланат


Бул тууралуу “Азаттыкка” “Кыргызгаз” мамлекеттик ишканасынын билдиришти. “Кыргызгаздын” жетекчиси Тургунбек Кулмурзаев эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн бүгүн Ташкенге жөнөп кетти. Эртең Тургунбек Кулмурзаев “Узтрансгаздын” жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Маалыматка караганда, Өзбекстан газдын миң куб метрин 250 доллардын тегерегиндеги акчага сатууну көздөп жатат. Ал эми кыргыз тарап ушундай өлчөмдөгү газды 140 доллардан сатып алууга ниеттенүүдө.

Былтыр Кыргызстан газдын миң куб метрин Өзбекстандан 240 долларга сатып алып турган. Казакстан ушундай эле өлчөмдөгү газды Өзбекстандан 83 гана долларга сатып алат. (IJz)

XS
SM
MD
LG