Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:55

Пакистанда губернатордун тажиясына миңдеген киши келди


Пунжаб провинциясынын губернатору Салман Тасирди кечээ Исламабадда өзүнүн жан сакчысы атып салган. Ал киши Тасирдин Исламга акаарат келтирүүгө өлүм жазасы каралган Пакистандын мыйзамына ачык каршы чыкканын жактырган эмес. Кээ бирлер
бул мыйзамды сактап калыш керек деп жатышат. Ал эми исламабаддык дарыгер Бангаш
"бул өтө кайгылуу көрүнүш. Буга жол берилбеши керек болчу. Мындай нерсе улана берсе, Пакистан үчүн кыйын болот",-деди.

Пакистандын бийликтеги Элдик партиясынын улук мүчөсү болгон Салман Тасир Пунжабдын баш калаасы Лахордо жерге берилүүдө. Өлкөдө үч күнгө аза күтүү жарыяланган. Пунжабда коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

XS
SM
MD
LG