Бишкек четиндеги Беш-Күнгөй айылында жашырынып, күч органдарына куралдуу каршылык көрсөткөндөрдүн бирөө тирүүлөй кармалды. Ал адам кечээ милиция кызматкерлерин өлтүрүүгө катышы бар делип издөө салынган 25 жаштагы Эдил Абдрахманов экендиги аныкталган. Бул тууралуу окуя болуп аткан жерден “Азаттыктын” кабарчылары билдиришти. Маалыматка караганда, террорчу делип шектелгендерди кармоо операциясы учурунда УКМКнын бир кызматкери окко учту. Каршылык көрсөткөндөрдүн экөө жок кылынды. Окуя болуп аткан жерден күч органдарынын жетекчилери билдиришкендей, бүгүнкү куралдуу каршылык көрсөткөндөр мурдагы террордук иш-аракеттерге жана кечээ күнү милиция кызматкерлеринин өлүмүнө тиешеси бар деген шек бар. Учурда шектүүлөр жашырынган үй өрттөнүп атат. Коопсуздук кызматкерлери үй ичинде дагы адамдар бар-жогун, жарылуучу заттардын бар-жогун аныктоо иштерине киришти. (IJz)