Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:21

Аба ырайы


6-январда карата синоптиктердин аба ырайы тууралуу берген маалыматына ылайык, Кыргызстанда жаан-чачын болбойт. Бийик тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты улам өзгөрүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -12…-17 даража суук, күндүз -1…-6 даража болот, Талас облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз 0…-5 даража суук, Баткенде түнкүсүн -6…-11 даража, күндүз 0…5 даража жылуу, Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -5…-10 даража суук, күндүз 0…5 даража жылуу, Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10, күндүз -4…+1, Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -4…-9 даража суук болот. Тоолуу аймактарда түнкүсүн -20... -25, күндүз -10... -15 даража суук.

Бишкек шаарында 6-январда жаан-чачын болбойт. Шамалдын быгыты улам өзгөрүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -13…-15 даража, күндүз -3…-5 даража суук болот.

XS
SM
MD
LG