Украинанын прокурору бүгүн (5-январда) өлкөнүн мурдагы өкмөт башчысы Юлия Тимошенконун камакка алынышы мүмкүн экендигин билдирди. Прокуратуранын кызматкери Олександер Калифицки "Тимошенко өзүнө коюлган айыптар менен таанышууну атайын артка тартып жатат" деп ырастады. Ал эми сот Сергей Горбатюк Тимошенко бул ишти тездетпесе, “мыйзамга жараша чара көрүлөрүн” эскертти. Интерфакстын кабарлашынча, Тимошенко бүгүн прокуратурадан ага 17 том материал таанышууга берилгенин билдирген. Экс-премьер-министр "экономикалык кризистин мезгилинде экологияга бөлүнгөн акчаны пенсиялык төлөмдөргө сарптаган" деп айыпталууда.