Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев милиция кызматкерлеринин өлтүрүлүшүнө байланыштуу кайрылуу менен чыкты. Анда соңку окуялардан улам “Коопсуз шаар” программасында белгиленген бир катар чаралар токтоосуз көрүлүшү керектиги белгиленет.
Ага ылайык, кечинде спирт ичимдиктерин сатууга чектөөлөр киргизилет, көчөлөрдө видео камераларды орнотуу, кумар оюндары өтчү жайлар менен мектептердеги рэкетчиликке бөгөт коюу, көчөлөрдү жарыктандыруу, жеке менчик мейманканалардын ишин көзөмөлгө алуу сыяктуу чаралар каралган.
“Бул чараларды биздин министрлик жок жерден ойлоп тапкан жок, бул өлкөнүн ички коопсуздугу жана коомдук тартипти сактоо үчүн өтө керек”, - дейт З. Рысалиев.
Кечээ ИИМ атайын кызмат менен биргеликте милиция кызматкерлерин өлтүрүүгө тиешеси бар деп шектелгендерге каршы Бишкектин төмөн жагындагы Беш-Күңгөй айылында атайын чара өткөрдү. Бир сааттан ашык убакытка созулган операция маалында жоочу деп шектелген эки адам өлтүрүлүп, бирөө колго түштү. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын атайын даярдыктагы “Альфа” тобунун бир жоокери кагылышуу маалында октон каза болду. (EBM)