Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:31

Кыргызстанда жер титиреди


Өзгөчө кырдаалдар министринин басма сөз катчысы Абдышарип Бекиловдун “Азаттыкка” тастыкташынча, 5-январда Кыргызстанда эки жерде жер титирөө катталды. Биринчиси Кыргызстан менен Тажикстан чек арасында, Түркстан тоолорунда болгон. Жердин силкинүүсү Баткен облусунда 2 балл болгону кабарланууда. Ушул эле күнү кечки саат алтылар чамасында Кыргыз тоо кыркаларында дагы бир жер титирөө катталып, анын күчү Талас шаарында 2,5-3 баллга жеткен.

Мындан сырткары Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда катуу шамал катталып, шамалдын ылдамдыгы саатына 25 метр секундга жеткен. Алдын ала маалыматтарга караганда, кыйроолор жана жабыр тарткандар жок. Адатта шамалдын ылдамдыгы саатына 25 метр секунддан өткөн чакта өзгөчө кырдаал катары катталат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG