Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:04

Катарда Азия футбол конфедерациясынын 24-конгресси башталды


Мында Азия континенталдык федерациянын президенти жана анын орун басарлары шайланат. Орун басарлыкка төрт талапкер ат салышууда. Непалдан Ганеш Тапа, Шри-Ланкадан Вернон Манилал Фернандо, Ирандан Али Саидлу жана Кыргызстандан футбол федерациясынын учурдагы президенти Айбек Алыбаев талапкерлигин коюуда. Бул тууралуу Улуттук олимпиада комитетинин басма сөз катчысы Кабыл Макеш кабарлады. Конгресске А.Алыбаевден сырткары федерациянын башкы катчысы Нуртазим Жетибаев жана эл аралык бөлүмүнүн жетекчиси Нурдин Букуев катышууда. Ал эми президенттике конфедерациянын учурдагы президенти Мохамед Бин Хаммамдын талапкерлиги коюулда. Президент жана орун басарлар беш жылга шайланышат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG