Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:37

УКМК издөө салган жарандар чек арадан өткөн жок


Бул тууралуу “Азаттыкка” Чек ара кызматынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, издөө жарыяланган адамдарды кармоо боюнча Чек ара кызматы да катуу көзөмөл жүргүзүүдө. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин басма сөз катчысы Рысбек Быкын уулунун “Азаттыкка” тастыкташынча, учурда ыкчам топ 5-январда атайын операция өткөрүлгөн жайда иликтөө иштерин улантууда. Операция учурунда колго түшкөн жаран учурда көрсөтмө берүүдө.

Кечээ ИИМ атайын кызмат менен биргеликте милиция кызматкерлерин өлтүрүүгө тиешеси бар деп шектелгендерге каршы Бишкектин төмөн жагындагы Беш-Күңгөй айылында атайын чара өткөрдү. Бир сааттан ашык убакытка созулган операция маалында жоочу деп шектелген эки адам өлтүрүлүп, бирөө колго түштү. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын атайын даярдыктагы “Альфа” тобунун бир жоокери кагылышуу маалында октон каза болду. (КЕ)

XS
SM
MD
LG