Коомдук телерадио корпорациясынын Байкоочу кеңеши КТРКнын жетекчисинин орун басарларын алмаштырууга уруксатын берди. Мындай чечим бүгүнкү жыйында кабыл алынганын “Азаттыкка” Байкоочу кеңештин мүчөсү Жыргалбек Касаболотов тастыктады. Байкоочу кеңештин жобосуна ылайык, Коомдук телеканалдын жаңы дайындалган жетекчиси орун басарлардын талапкерлигин көрсөтөт. Ага ылайык, КТРКнын жетекчисинин орун басарлыгына стратегиялык өнүгүү боюнча Алмаз Абеков, телеберүүлөр боюнча Мырзакул Мамбеталиев, радиоберүүлөр жагына Руслан Асанбек уулунун талапкерлиги жактырылды.
Буга чейин теле жагында Улан Карыпов, радио боюнча Кадыр Кошалиев орун басарлык кылып келишкен. Байкоочу кеңеш Коомдук телерадиокомпаниянын (КТРК) Башкы директорлугуна 3-декабрда Кубат Оторбаевди шайлаган. (КЕ)