Президент Роза Отунбаева Ыйса пайгамбардын туулган күнүнө карата Кыргызстан Православ христиандарына куттуктоо жолдоду. Анда президент бул күн жаркын майрамдардын бири болуп калганын, элдерди бириктирип, боорукер, сабырдуу болууга чакырарын белгилеген. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Православ христиандары Ыйса пайгамбардын туулган күнүн 7-январда майрамдашат. (КЕ)