Жогорку Кеңештин “Республика” фракциясы өлкөдөгү акыркы коомдук-саясий кырдаал тууралуу кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду. Кайрылууда “каза болгон милиция кызматкерлери Самат Жээнбековдун, Алмазбек Сулаймановдун, Пиридинбай Имановдун жана атайын даярдыктагы "Альфа" тобунун жоокери Жеңиш Бабараимовдун жеке эрдиктери жана каармандыктары, анан айрым жарандардын кыраакылыгы менен сыймыктанабыз жана жаркын элестерине башыбызды ийип таазим кылабыз”,-деп жазылган. Кайрылууда коомдук жайлардагы, үйлөрдүн жана кеңселердин жан-жакаларындагы шектүү нерселер, анын ичинде аракеттери шек туудурган адамдар тууралуу тиешелүү органдарга өз убагында кабарлоо үчүн ар бир жарандан өзгөчө кыраакылык талап кылынары белгиленген. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады. (КЕ)