Бул чечимди 6-январда Казакстан парламентинин жогорку палатасы кабыл алды. Буга чейин казак Мажилиси дагы өлкө башчынын бийлик мөөнөтүн узартууну жактырган.
Эгер референдумда көпчүлүк колдоп берсе, анда Казакстанды 20 жыл башкарган 70 жаштагы Н.Назарбаев 2020-жылга чейин бийликте калат. Ал эми 2012-жылы кезектеги президенттик шайлоо өтпөйт.
Казакстанда мөөнөтү аяктап жаткан АКШ элчиси Ричард Хогланд Н.Назарбаевдин президенттик мөөнөтүн референдум аркылуу 10 жылга узартууну «демократиядан артка чегинүү» катары баалаган.