Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:06

Дарыгерлер айлык акыны көбөйтүүнү талап кыла баштады


10-январда Бишкек жана Чүй облусундагы дарыгерлер жамааттары, профсоюз уюмдар айлык акы маселеси боюнча жыйынга чогулушат. Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашкандай, соңку учурда маянаны көтөрүү боюнча өкмөткө сунуш киргизүү тууралуу кайрылгандар көбөйдү. Азыр дарыгерлер орто эсеп менен 4 миң сомдой айлык алат, мээрман айымдардын маянасы 2,5 -3 миң сомго барат. Кыргызстанда жалпысынан 12 миң дарыгер, 28 миң мээрман айым иштейт.

Өлкөдө буга чейин маянаны жогорулатууну талап кылып мугалимдер нааразылык акцияга чыгып, өкмөткө бир ай убакыт берген. Эгер талаптар аткарылбаса жапырт иш таштоо болорун эскертишкен. Мугалимдер айлык 6800 сомдон кем болбошун талап кылышууда. Өкмөткө берилген мөөнөт январдын 20ларында аяктайт. Премьер-министр Алмазбек Атамбаев "Азаттыктагы" маегинде маяна дароо көтөрүлбөй турганын билдирген болчу.(EBM)

XS
SM
MD
LG