Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:21

Терроризмди алдын алуу боюнча мыйзам долбоорлор даярдалып жатат


Премьер-министр Алмазбек Атамбаев кечээ Ички иштер министрлигинин жыйынында өкмөт терроризмге жана кылмыштуулукка каршы бир катар мыйзам долбоорлорду даярдап жатканын билдирди. ИИМдин структурасы өзгөртүлөрүн, тартип коргоо органдары заманбап жабдуулар жана каражаттар менен камсыз болорун айтты. Жоочу деп шектелгендерди кармоого катышкандар мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлөрүн белгиледи. А. Атамбаев бул жолугушуунун алдында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте болгон.

5-январда ИИМ атайын кызмат менен биргеликте милиция кызматкерлерин өлтүрүүгө тиешеси бар деп шектелгендерге каршы Бишкектин төмөн жагындагы Беш-Күңгөй айылында атайын чара өткөрдү. Анда жоочу деп шектелген эки адам өлтүрүлүп, бирөө колго түштү. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын атайын даярдыктагы “Альфа” тобунун бир жоокери кагылышуу маалында октон набыт болду. (EBM)

XS
SM
MD
LG