Бул тууралуу Кошмо Штаттардын Коргоо министри Роберт Гейтс билдирди. Анын айтымында, алдыдагы беш жылда ишке ашырыла турган бул чара өлкөдөгү оор финансылык абалга байланыштуу кабыл алынууда. Келерки жылга карата аскерий бюджеттин көлөмү 553 млрд.долларды түзөт. Министр, андан сырткары, армияда кызмат кылгандардын саны да беш жылда 47 миң адамга кыскараарын, деңиз флотунда кызмат өтөгөндөр болсо 15-20 миңге азайтылаарын айтты.