Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:42

Москвада кечээги пикеттерде 27 адам камалды


Алар бир нече күн мурда камалган оппозиционерлерди колдоо иретинде майда пикеттерге чыгышкан. Кечээ кармалгандарга айып тагылган-тагылбаганы белгисиз. Орусияда Борис Немцов баш болгон бир топ оппозиция лидерлери 31-декабрда Москвада пикетке чыгышканы үчүн 5 күндөн 15 күнгө чейин камакка алынышкан эле. Акыркы төрт күн катары менен аларды колдогон митингдер өтүп жатат. Аларда милиция адамдарды кармап, бир нече сааттан кийин кайра бошотуп жаткан.

XS
SM
MD
LG