Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:04

Энергетика министри ири аварияны иликтөөчү комиссия түздү


Комиссиянынын негизги милдети энергетика тармагындагы ири авариянын себептерин иликтейт жана алдын алуу иштерин аныктайт. Комиссияны Мамлекеттик энергетика жана газ инспекциясынын башчысы Акылбек Түмөнбаев жетектейт. Бул тууралуу “Азаттыкка” энергетика министринин орун басары Автандил Калмамбетов кабарлады. Анын айтымында, бүтүндөй Борбор Азияга таасирин тийгизген электр энергиясындагы аварияны иликтей турган эл аралык комиссия түзүү үчүн иш аракеттер башталды. Комиссия Борбор Азиянын биргелешкен энергосистемасындагы координациялык-диспетчердик борборунун базасында түзүлмөкчү. Учурда комиссия курамына кирчү талапкелер каралууда.

5-январда 48 подстанцияда электр берүү үзгүлтүккө учураган. Анын ичинде Чүйдө 22, Жалал-Абад менен Нарында бештен, Ош облусунда 9, Таласта 4 жана Ысык-Көл облусунда 3 подстанцияда өчүрүүлөр болгон. Натыйжада калктын 20 пайызга жакыны жарык жок калган. Ошондой эле өзбек энергосистемасы менен бириктирчү жогорку чыңалуудагы Кристалл-Юлдуз подстанциясы өчүп калган. Натыйжада Борбор Азиянын бирдиктүү энергосистемасына кирген аймактын тургундары бир нече саат бою жарыксыз калган.

А.Калмамбетов аварияга учураган линиялар калыбына келтирилгенин кабарлады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG