Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:32

Тез жардам унаасын сүзүп кеткендер такталууда


Тез жардам унаасын сүзүп кеткен милиция формасын кийген адамдар качып кетишти. Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек шаардык жол коопсуздугу башкармалыгынын жетекчиси Ыманалы Саркулов билдирди. Анын айтымында, тез жардам унаасын сүзүп кеткен адамдар жол коопсуздугу кызматынын кызматкерлери экени тастыкталган жок. “Машиналарын таштап качып кетишиптир. Азыр аны тактап, ээси ким экенин аныктап жатабыз”, - дейт Ы.Саркулов. Мындан сырткары ички иштер министри Зарылбек Рысалиевдин тапшырмасы менен окуя боюнча кызматтык иликтөө жүрүүдө.

Окуя 6-январда кечки саат 10дор чамасында Бишкекте болгон. Көк-Жар кичи районуна тез жардам көрсөтүүгө бараткан дарыгерлердин унаасын милиция формасындагы айдоочу сүзүп кеткен. Натыйжада эки дарыгер жана айдоочу жараат алып, бир дарыгер ооруканага жаткырылган. Бул тууралуу “Азаттыкка” Тез жардам станциясынын башкы дарыгери Гүлнара Ташыбекова билдирди. Анын айтымында, дарыгерлерди сүзгөн номуру жок унаада төрт адамдын үчөө милиция формасын кийген адамдар болгон. Алардын экөө кыздар.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Касымбек Мамбетовдун “Азаттыкка” билдиришинче, дарыгерлердин абалы канааттандырарлык. К. Мамбетовдун билидиришче, формачан адамдар мас абалында болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG