Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:52

“Кумтөр” кенинин 70% мамлекетке өткөрүү талабы айтылууда


Ушундай талап менен январь айынын ортолорунда республиканын ар кайсы аймактарында митинг өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” Тоң районундагы демилгечи топтун башчысы Жекшенбек Шамыралиев кабарлады. Анын айтымында, демилгечи топ “Кумтөр” алтын кени менен түзүлгөн биринчи келишимди калыбына келтирүүнү талап кылышууда. “Ишкананын 15% акциясы Кыргызстандын үлүшүндө дегенде - бул салыктар менен эле чектелип келиптир. Өндүрүлгөн алтындар кайда кетип жатканы белгисиз. Биз бул боюнча талаптар жазылган кайрылууну президент Роза Отунбаевага жаңы жыл алдында эле бергенбиз”, - дейт Ж.Шамыралиев. Маалыматка ылайык, бул демилгени Талас, Чүй жана Нарын облустарынын айрым тургундары да колдоого алган. Алар митингди алгач ар кайсы аймактарда өткөрүп, жыйынтык чыкпаса борборго чогулууну пландаштырууда.

Кыргыз өкмөтү "Кумтөр" ишканасы боюнча Канада тарап менен 2009-жылдын апрель айында жаңы келишимге кол койгон. Ага ылайык, Кыргызстан аталган ишканадагы 16 пайыз акция үлүшүн 30 пайызга чейин көбөйткөн. “Кумтөр” болсо бир топ социалдык долбоорлорду да ишке ашыруу менен, өлкөгө жардам берип жатканын белгилеп келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG