Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:03

Дарыгерлер жамааттары айлык акыны талкуулайт


10-январда Бишкек жана Чүй облусундагы дарыгерлер жамааттары жыйынга чогулушат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Даарыгерлер бул жыйында саламаттыкты сактоо багытындагы маселелерди тактоо, айлык акыны көтөрүү өңдүү маселелерди талкууга алышмакчы. Жыйынга Саламаттыкты сактоо министрлигинин кесиптик бирлигинин жана министрликтин коомдук көзөмөл кеңешинин өкүлдөрүнүн да катышаары күтүлүүдө.

Азыр дарыгерлер орто эсеп менен 4 миң сомдой айлык алат, мээрман айымдардын маянасы 2,5 -3 миң сомго барат. Кыргызстанда жалпысынан 12 миң дарыгер, 28 миң мээрман айым иштейт. (KKs)

XS
SM
MD
LG