Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:35

9-январда Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт


Синоптиктердин берген маалыматы боюнча, 9-январда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу аймактарда жолдор тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метр.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -10…-15 суук, күндүз -4…+1 градус, Талас аймагында түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5 градус суук болот. Баткен өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8 суук, күндүз 3…8 градус болсо, Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн -2…-7 суук, күндүз 4…9 градусту түзөөрү күтүлүүдө. Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…+4 градуска барабар, Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз -4…-9 градус суук болот. Тоолордо болсо түнкүсүн -26…-31, күндүз -13…-18 градус суук болот.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метр. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -12…-14 градус, күндүз 0…-2 градус суук болору күтүлүүдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG