Баткендин Бужум айылында 103 жашка чыгып, бир бөлмөлүү чатыры жок үйдө турган Санам Аширова тууралуу макала "Азаттыктын" интернет сайтына чыккандан кийин жардам берүү тобу түзүлгөн. Кылымдан ашык жашаган энеге кол сунуп, колдоо көрсөтүүчүлөр ар тараптан көмөк көрсөтүп, үйүнүн чатырын жаап берүү иши башталган.
Бүгүн Баткен облус губернатору Султанбай Айжигитов бул демилгени колдоого алып, 70 даана шифер, керектүү жыгач-мыктарын Санам Ашировага тапшырды. Кийинки аптада үйдү чатырлоо иштери аяктайт. Ал эми демилгечи топ жыйнаган каражат Санам Ашированын ден соолугун бекемдөө үчүн дары-дармек жана кыш чыкканга чейинки көмүрүнө сарпталат.
Санам Ашированын үйүн чатырлоо демилгеси "Азаттык" үналгысынын кабарчылары тарабынан бир ай мурда башталган. (JsA)