Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:44

Бишкектин бир топ аймагы жарыксыз калды


Бүгүн кечки саат алты жарымдар чамасында Бишкектин бир топ аймактарында электр жарыгы үзгүлтүккө учурады. Өкмөт аппаратынын маалымат саясаты бөлүмүнүн жетекчиси Кубанычбек Таабалдиевдин “Азаттыкка” маалымдашынча, Бишкек шаарынын түндүк жана борбордук бөлүктөрүнө электр энергиясы берилбей калды. Мындан улам Бишкектин айрым аймактарында кооптонгон тургундар болду. Мындан сырткары Кыргызстандын айрым аймактарында, Каракол шаарында, Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында да электр энергиясы үзгүлтүккө учураганы кабарланууда. Муну Бишкектеги жылуулук электр борбору жылуулукту камсыз кыла турган конденсаторлордогу авария менен түшүндүрүп жатат. Учурда окуянын чоо-жайы иликтенүүдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG