АКШ Демократиялык партиясынан Конгресске мүчө Габриэл Гиффордс айым ишембиде (8-январда) Аризона штатынын Тусон шаарындагы дүкөндө коомдук иш чарага катышып жаткан маалда атылганы кабарланды.
Анын өмүрү тууралуу эки түрлүү маалымат айтылууда. Тартип коргоо органдары саал мурдараак Конгресс мүчөсүн "өлдү" десе, ал жеткирилген оорукананын маалымат катчысы «учурда операция жүрүп жатат, жабырланган айым тирүү» деп билдирип, ок Гиффордс айымдын башына тийгенин кошумчалады.
Кеминде алты киши, анын ичинде Гиффордстун жардамчылары дагы, белгисиз бирөөнүн огунан мерт болгону жоромол кылып айтылууда. Ок чыгарды деп шектелген бир кишини полиция кармагандыгы тууралуу маалымдалды.