Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:41

Быйыл кант кызылчасы эки эсе көбүрөөк себилет

Айыл-чарба министрлигинин маалыматтарына ылайык, 2011-жылы кант кызылчасын былтыркы жылга салыштырмалуу эки эсеге көбүрөөк себүү пландалууда. Өткөн жылы Кыргызстанда кант кызылчасы эгилген айдоо аянты 8,4 миң гектарды түзсө, 2011-жылы бул аянтты 17, 3 миң гектарга чейин көбөйтүү аракеттери жүрүп жатат. Бул жылы Кыргызстан боюнча айыл-чарба өсүмдүктөрү эгиле турган жалпы айдоо аянттары 1 млн. 168 миң 700 гектарды түзөөрү күтүлүүдө. (KKs)
XS
SM
MD
LG