Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:43

Электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашынын себептери иликтенүүдө


Бул туурасында Энергетика министринин орун басары Автандил Калмамбетов “Азаттыкка” маалымдады. Анын айтымында, 8-январдын кечинде Бишкектин четиндеги Ленинский айылында жайгашкан подстанциядагы конденсатор иштен чыккан. Натыйжада линияларга күч келип, анын жыйынтыгында Бишкектин жылуулук электр борборунун кубаттуулугу 100 МВтка чейин түшүп кеткен. Жылуулук электр борборундагы он буу казандан экөө өчүп, алты генератордон бирөө иштебей калган. Ушул тапта конденсатордун эмне себептен иштен чыкканы иликтенип жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча, электр кубаты белгиленген өлчөмдөн ашыкча колдонулуп жаткандыктан, эски тетиктерге күч келгени айтылууда.

8-январда кечки саат алты жарымдар чамасында Бишкектин бир топ аймагында, Чүй жана Ысык-Көл облусунун кээ бир айылдарында электр энергиясы үзгүлтүккө учураган. Саат сегиз жарымдар чамасында электр кубаты калыбына келтирилген. (KKs)

XS
SM
MD
LG