Синоптиктердин маалыматы боюнча, 10-январда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Тоолуу аймактарда жолдор тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метр.
Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -8…-13 суук, күндүз 1…6 градус жылуу, Талас аймагында түнкүсүн -10…-15, күндүз 2…7 градус жылуу болот. Баткен өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8 суук, күндүз 2…7 градус болсо, Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн -1…-6 суук, күндүз 3…8 градусту түзөөрү күтүлүүдө. Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…5 градуска барабар, Нарын облусунда түнкүсүн -16…-21, күндүз -4…-9 градус суук болот. Тоолордо болсо түнкүсүн -27…-32, күндүз -15…-20 градус суук болот.
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт, туман түшүшү мүмкүн. Шамалдын багыты өзгөрүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метр. Абанын температурасы түнкүсүн -9…-11 градус суук, күндүз 2…4 градус жылуу болору күтүлүүдө. (KKs)