Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:22

Аризона штатында атылган Конгресс мүчөсүнүн абалы оор


АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасына мүчө Габриэл Гиффордс менен Федералдык сот Жон Роллстун жактоочулары койгон шам чырактар, Аризона, 2011-жылдын 9-январы
АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасына мүчө Габриэл Гиффордс менен Федералдык сот Жон Роллстун жактоочулары койгон шам чырактар, Аризона, 2011-жылдын 9-январы
Аризона штатынан АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасына мүчө Габриэл Гиффордс аталган штаттын Тусон шаарында шайлоочулар менен жолугуп жаткан маалда тапанчанын огунан башына катуу жаракат болуп, учурда оор абалда ооруканада жатат.

Тапанчанын огунан 6 киши өлгөнү кабарланды, анын ичинде Гиффордсдун жардамчылары дагы бар. Кеминде 13 киши жарадар, 9 жашар кыз, федералдык сот жарааттан мерт болгону маалымдалды.

Демпартиянын мүчөсү 40 жаштагы Габриэл Гиффордс жаңы муундагы саясатчы катары таанымал. Аризона штатынын Сенаторлукка камынып жатканы дагы айтылды.

Кылмышкер деп кармалган 22 жашар Жаред Лохнер деген жигит саясатчы айым чогулгандар астында сүйлөп жатканда артынан жакын келип атып, андан кийин дагы бир канча кишиге ок чыгарганга үлгүргөн. Учурда полицияда сурак берип жаткан Лохнер бул анын жеке чечими болгондугун жана өзү жалгыз ок атканын айтты.

АКШнын саясий тарыхында буга чейин ага-ини Кеннедилер (1963, 1968) дагы атып өлтүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG