Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:48

Түштүк Суданда күнкорсуздук референдуму башталды


Жекшемби күнү Түштүк Суданда күнкорсуздук боюнча референдум башталды. Бир жумага созулган добуш берүү Африканын эң чоң мамлекетин экиге бөлөт деп болжолдонууда. Түштүк Судандын лидери Сальва Киир референдумду “тарыхый учур” деп атады. АКШ президенти Барак Обама Түштүк судандыктарды добуш берүүнүн тынч башталганы менен куттуктап, Вашингтон Африканын жаңы эгемен өлкөсүнө референдумдан кийин колдоо көрсөтөөрүн белгиледи. Референдум Түндүк жана Түштүк Судан ортосундагы ондогон жылдарга созулган чатакка чекит койгон 2005-жылкы тынчтык келишимине ылайык өтүүдө.

XS
SM
MD
LG