Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:23

Чыгыш Иерусалимдеги эски мейманкана бузулду


Израил өкмөтүнүн жөөттөргө турак жай куруу үчүн Чыгыш Иерусалимдеги эски мейманкананы кыйратуусун АКШ Мамкатчысы Хиллари Клинтон сындады. Клинтон айымдын айтышынча, “Shepherd” мейманканасын бузуу Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу аракетине бут коюп, “кырдаалдын осолдошуна түрткү берет”. Палестиндер Чыгыш Иерусалим өздөрүнүн болочок мамлекетинин байтакты болот деген үмүттө. Израил менен сүйлөшүүдөгү палестиналык делегациянын башчысы Саеб Эракат Израилди “Чыгыш Иерусалим боюнча ар кандай чечимге бөгөт койууда” деп күнөөлөдү.

XS
SM
MD
LG