Мексикада ишемби, жекшемби күндөрү маң заттары менен соода кылган куралдуу топтор 27 кишинин өмүрүнө зобун келтиришти. Ишембиге караган түнү курорт шаар Акапулькодогу соода борборунун жанынан 15 кишинин жасаты жана наркобарондордун эскертүү каты табылды. Ошол эле күнү шаардын башка жерлеринен наркотоптор өлтүргөн 12 адамдын денеси табылганын полиция кабарлады. Мексикалык наркотоптор демейде өлтүргөн адамынын башын кесип кетишет.
2006-жылдан бери Мексикада маң соодасына байланыштуу чатакта 30 миңден ашуун адам набыт болду
2006-жылдан бери Мексикада маң соодасына байланыштуу чатакта 30 миңден ашуун адам набыт болду