Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:26

Энергетикадагы кырсыкты иликтөөчү комиссия түзүлдү


Энергетика министринин орун басары Автандил Калмамбетовдун “Азаттыкка” билдиришинче, анын жетекчилиги астында түзүлгөн комиссия 8-январда электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашынын себептерин жана кесепеттерин иликтеп чыгат.
8-январда кечки саат алты жарымдар чамасында Бишкектин четиндеги Ленинский айылында жайгашкан подстанциядагы конденсатор иштен чыккан. Натыйжада линияларга күч келип, анын жыйынтыгында Бишкектин жылуулук электр борборунун кубаттуулугу 100 МВтка чейин түшүп кеткен. Жыйынтыгында Бишкек шаарынын бир топ аймагы, Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын кээ бир айылдары кеминде бир жарым-эки саатка жарыксыз калган.

Бул ушул айдын башынан берки экинчи кырсык болуп жатат. 5-январда 48 подстанцияда электр берүү үзгүлтүккө учураган. Анын ичинде Чүйдө 22, Жалал-Абад менен Нарында бештен, Ош облусунда 9, Таласта 4 жана Ысык-Көл облусунда 3 подстанцияда өчүрүүлөр болгон. Натыйжада калктын 20 пайызга жакыны жарыксыз калган. (KKs)

XS
SM
MD
LG