Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:09

Бүгүн Жалал-Абадда Санпа окуясы боюнча доо арыздар каралат


Арыздар Жалал-Абад облустук сотунун коллегиясында териштирилип, облустук соттун төрагасынын орунбасары Жолдош Ибраевдин жетекчилиги алдында өтөт. Жолдош Ибраевдин “Азаттыктын” кабарчысына маалымдашынча, Санпа окуясынын жабырлануучулары Сузак райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырууну, соттолуучулар болсо ал өкүмдү жокко чыгарып, өздөрүн актап чыгарууну өтүнүшкөн. Анткен менен жабырлануучулар Жалал-Абадда коопсуздуктун болооруна күмөн санап, апелляциялык арыздын Ноокен райондук сотунун имаратында каралышын өтүнүшүүдө.

2010-жылдын декабрь айында Сузак райондук сот Санпа окуясы боюнча айыпталган 19 адамдын үй-мүлкүн мамлекет пайдасына чегерүү менен алардын 17син өмүр бою эркинен ажыратуу, калган эки адамдын ар бирин 25 жылга түрмөгө кесүү өкүмүн угузган. 12-14-июндагы Санпа окуясында Ош - Бишкек жолу менен жүргөндөрдүн арасынан 16 жолоочу мыкаачылык менен өлтүрүлүп, эки адам дайынсыз жоголуп, тогуз автоунаа өрттөлгөнү маалымдалган. (KKs)

XS
SM
MD
LG