Түндүк Африка өлкөлөрүндө жумушсуздукка жана азык-түлүктүн кымбат баасына байланыштуу толкундоолор болду. Тунистин үч шаарында нааразы эл менен полиция кагылышып, 14 киши набыт болгону ырасмий маалымдалды. Бийлик тополоң үчүн экстремисттерди күнөөлөдү. Бирок толкундоолордун катышучуулары жаштар жумуш таппай өкмөткө нааразылык күчтүү экенин айтышат. Алжирде да жумушсуздукка жана кымбат тамак-ашка болгон нааразылыктан чыккан тополоңдо эки киши өлүп, жүздөгөн адамдар жарадар болгону маалымдалды.