Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:32

Арашанда ок атылган курал апрель окуясында жоголгону аныкталды


Ички иштер министринин орун басары Николай Солдашенконун бүгүн журналисттерге билдиргени боюнча, террорист деп айыпталып жаткандардан алынган автомат мамлекеттик күзөт кызматына таандык болуп, ал 7-апрель күнү жоголгону аныкталды. Арашан айылына жакын жерде жүргүзүлгөн атайын операция учурунда алынган автоматтан 7-апрель күнү Ала-Тоо аянтында Каныбек Жуматаев аттуу жаран далысына ок жеген. Министр орун басарынын айтуусунда, учурда тергөө тобу тарабынан апрель окуясы учурунда тартылып алынган куралдар кандай жол менен террорист деп шектелип жаткандардын колуна түшүп калганы иликтенүүдө.

5-январь күнү Чүйдүн Арашан айылына жакын жерде атайын операция жүргүзүлүп, натыйжада террорист деп шектелип жаткандардын экөө набыт болуп, бирөө кармалган. Ошондой эле операцияга катышкан “Альфа” атайын тобунун бир аскери курман болгон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG