Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:52

Октябрь РИИБинин жетекчилиги кызматтан алынды


Бул 4-январь күнү үч милиционердин өлүмүнө байланыштуу болду деп билдирди ИИМ министринин орун басары Айтмамат Рахманов бүгүн журналисттерге. Анын айтуусунда, паспорттук каттоо текшерип жүргөн милиция кызматкерлеринде табелдик курал болгон эмес. Бул окуяга байланыштуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Осмонкул Исаев, коомдук тартипти камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы Калысбек Балтабаев, аталган РИИБинин алдындагы милиция бөлүмүнүн башчысы Таалайбек Алижанов кызматтан алынды. Булардан тышкары Бишкек ИИБинин экономикалык кылмыштар менен күрөшүү бөлүмүнүн кызматкери Асан Чалбаев өзүнө тагылган милдетти аткарбаганы үчүн кызматынан бошотулду. Министрдин орун басарынын айтуусунда, Чалбаев террорист деп шектелгендер жашап жаткан мейманканага кирүүгө тийиш болсо да, кирбей, көчөдө калган. Ал эми Октябрь РИИБ башчысы Мадияр Кулуевди да кызматынан бошотуу тууралуу чечим кабыл алынган, бирок ал ооруп жатканына байланыштуу азырынча кызматынан алына элек дейт А. Рахманов.

4-январь күнү Бишкекте террорист деп шектелгендердин колунан үч милиционер: Пиридинбай Исманов, Алмазбек Сулайманов жана Самат Жээнбеков мерт болгон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG