Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:07

Газдын баасы 17 долларга гана арзандады


Кыргызстан быйыл Өзбекстандан 200 млн. кубметр газ алат. Ал эми мындан көбүрөөк газ алуу үчүн кыргыз тарап Өзбекстанга он беш күн мурун маалымдоого тийиш. “Кыргызгаз” мамлекеттик ишканасынын башчысы Тургунбек Кулмурзаевдин бүгүн маалымдаганы боюнча, өзбек тарап көгүлтүр оттун миң кубметрин 223 доллардан сатууга макулдугун берди. Эки тараптуу келишимге Ташкенде кол коюлду. Өткөн жылы Өзбекстан Кыргызстанга көгүлтүр отту миң кубметрин 240 доллардан саткан.
2005-жылы Кыргызстан Өзбекстандан бир жыл пайдалануу үчүн 700 млн. кубметр газ алчу, акыркы жылдары бул 300 млн. кубметрге чейин азайган.

Тургунбек Кулмурзаевдин маалыматы боюнча кыргыз тарап быйылкы жыл үчүн Өзбекстандан 600 млн. кубметр газды миң кубметрин 160 доллардан сатып алууну көздөгөн. Бирок өзбектер буга каршы туруп, газдын баасын Европадагы баа менен, тагыраак айтканда миң кубметрин 253 доллардан сатып алууну сунушташкан.

Декабрь айында кыргызстандык айрым аткаминерлер Өзбекстан көгүлтүр оттун баасын өткөн жылга караганда 100 долларга арзандатууга макул болгонун айтып чыгышкан. Бирок иш жүзүндө баа 17 долларга гана арзандады.(ZKo)

XS
SM
MD
LG