Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:11

Аба ырайы: Ошто тоолуу аймактарга кар түшөт


Кыргызстандын башка аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт деп маалымдашат синоптиктер. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -8...-13 градус суук, күндүзү 0...5 градус жылуу болот. Таласта түнкүсүн -9...-14, күндүзү 0...-5 градус суук болот. Баткен, Ош, Жалал-Абат облустарында түнкүсүн -3...-8 градус суук, күндүзү 1...6 градуска чейин жылыйт. Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -6...-11 градус суук, күндүзү -3 градус сууктан 3 градуска чейин жылыйт. Тоолуу Нарында абанын температурасы түнкүсүн -18...-23 градуска чейин төмөндөп, күндүзү -4...-9 градус суук болот. Тоолордо түнкүсүн -25...-30, күндүзү -11...-16 даража суук болот.

Бишкекте ала булут каптап турат, жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -10...-12 градус суук, күндүзү 1...3 градус жылуу болот.

Баткен, Ош, Жалал-Абат облустарынын айрым аймактарына эмдигиче кар түшө элек.

XS
SM
MD
LG