Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:18

Москвада өлтүрүлгөн кыргыз жаранынын сөөгү мекенине жиберилди


Москвадагы кыргыз элчилигинин юристи Алмаз Абдисияевдин “Азаттыкка” билдиришинче, Кара-Балтанын Кум-Арык айлынын тургуну Чыңгыз Супатаевдин сөөгүн мекенине жиберүүгө элчилик жардам берди. Маркум 4-январь күнү өзүнө таандык “Жигули” автоунаасында муздалып өлтүрүлгөн. Чыңгыз Супатаев Москвада кирекечтик (таксист) менен оокат кылып жүргөн. 25 жаштагы маркумдун артында эки баласы калды.

Юрист Алмаз Абдисияев кыргыз элчилиги Орусия Башкы прокуратурасынын алдындагы тергөө башкармалыгына кат жолдогонун да кабарлады. Анда Москва шаарында жана Орусиянын башка аймактарында киши колдуу болгон кыргызстандык жарандардын иши боюнча козголгон кылмыш иштери тууралуу толук маалымат берилүүсү суралган.

Өткөн жылы Ош жана Баткен облустарында эле Орусиядан элүүдөн ашуун мигранттын сөөгү келген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG