Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:43

Дүйшөмбүдө жаңы жылдан бери 10 мечит жабылды


Тажик борбор калаасында Авул, Хаёти, Вокзал, Ичпечак жана Калинин райондорундагы мечиттер жабылып, эгер кайрадан иш жүргүзө турган болсо имамдар кылмыш жообуна тартылаары эскертилди.

Тажик өкмөтүнүн Дин иштери боюнча комитетинин төрага орун басары жабылган мечиттер расмий каттоодон өтпөй мыйзамсыз иш жүргүзүп келген деп билдирди.

Ичпечак мечитинин имамы Муллодавлат Мирзоев 40 жылдан ашуун убактан бери жергиликтүү мусулмандар ал жерге келип намазга жыгылып тургандыгын айтат. Ал эми мечитти каттоодон өткөрүү аракеттери бир нече жолу майнапсыз болгон.

Соңку учурда президент Э.Рахмон калктын каражатын мечиттерге эмес мектептерге берүүгө үндөп, чет өлкөлөрдөгү медреселерде окуган тажик жарандарын кайра мекенине алып келүү талабын койгон.

XS
SM
MD
LG