Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:27

Иранда авиакырсыкта набыт болгондордун саны өсүүдө


«Иран эйр» компаниясына тиешелүү "Боинг-727" учагы Тегеран-Урмия каттамына чыгып, калың кар менен каттуу тумандын айынан кырсыкка учурады. Соңку маалымат боюнча 78 киши өлүп, бери дегенде 26 киши жарадар болгон. Кээ бир маалыматтарда эки кишинин дайын-дареги билинбей жатканын айтылууда.

Ирандын мамалекеттик сыналгысы учак экинчи жолу конууга аракет жасаганда кырсыкка кабылганын маалымдады. Бул өлкөдөгү Кызыл чырым уюмунун өкүлү учак жерге кулап түшкөндө бир нече бөлүрккө ажырап кеткенин жана жарылуу болбогонун айтты.

XS
SM
MD
LG