Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:39

Кызмат учурунда мерт болгон аскер кызматчылары эскерилет


Бүгүн Бишкектеги Жеңиш аянтында 2010-2011-жылдары өз милдетин аткарып жатып ажал тапкан милиция жана атайын кызматтардын аскерлерин эскерүү митинги өткөрүлөт. Бул тууралуу “Күч кызматкерлеринин укугун коргоо комитетинин” жетекчиси Арстанбек Дунганов “Азаттыкка” маалымдады. Митинг-реквиемде апрель окуясында “куралсыз элге ок аткан” деп айыпталып жаткан күч кызматкерлери тууралуу да кеп болот.

2010-жылы 7-апрелде Өкмөт үйүн коргоп турган эки милиция кызматкери жарылган гранатадан улам мерт болуп, бир нече күч кызматкерлери жаракат алышкан. Июнь коогалаңы учурунда да милиция жана атайын кызматтардын кызматкерлери курман болгон. 2011-жылы 5-январда Бишкекте үч милиция кызматкерин белгисиз бирөөлөр атып кеткен. 6-январда бул кылмышка шектелип, “террорчу” деп аталгандарды кармоо учурунда “Альфа” атайын кызматынын бир жоокери курман болгон.(KKs)

XS
SM
MD
LG