Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:44

Бүгүн июнь коогасын иликтеген Улуттук комиссия жыйынтыгын жарыялайт


Бул туурасында аталган комиссиянын мүчөсү Жыпар Жекшеев “Азаттыкка” билдирди. Өткөн жылдын июнь айында Ош жана Жалал-Абадда орун алган окуялардын себептерин жана кесепеттерин иликтеп, сунуштарды иштеп чыга турган Улуттук комиссия 2010-жылдын июль айынын акырында изилдөөлөрүн баштаган. Алгач 30 кишиден түзүлгөн Улуттук комиссия иликтөөнүн жыйынтыгы ушул жылдын сентябрына чейин белгилүү болоорун билдирген. Бирок өлкөдөгү соңку саясий кырдаалдарга байланыштуу жыйынтык кечеңдеп кеткендиги маалым болгон. Буга чейин комиссиянын мүчөлүгүнөн Александр Князев, Азиза Абдрасулова баштаган бир катар коомдук ишмерлер чыгып кеткен. Алардын айрымдары комиссиянын объективдүүлүгү күмөн туудурарын билдиришкен эле. Ушул тапта Улуттук комиссиянын курамы 24 кишиден турат. (KKs)

XS
SM
MD
LG