Техас штатынын соту Республикачылар партиясынын Өкүлдөр палатасындагы мурдакы лидери Том Делэйди(Tom DeLay) мыйзамсыз финансылык операцияны уюштурганы үчүн үч жылга эркинен ажыратты. Делэй 2002-жылы ноябрда Техастагы шайлоо комитетинен Республика партиясынын улуттук комитетине 190 миң доллар которуп, бул акча кийин Техаска Конгресске талапкер жети адамга жөнөтүлгөн. Делэй ошондой эле мыйзамсыз акча айлантты деп, беш жылга кесилди. Бирок сот бул жазаны он жылдык сыноо мөөнөтү менен алмаштырды. АКШлык таасирлүү саясатчылардын бири Том Делэй өмүр бою эркинен ажыратылышы ыктымал болуп жаткан.